Жаңылыктар
Кызыл-Кыядагы шифер заводу жылына 3 миллиондон ашык даана шифер чыгарат
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Кыядагы шифер заводу жылына 3 миллиондон ашык даана шифер чыгарат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун иши менен таанышты. 

Заводдун жетекчилиги билдиргендей ишкана жылына 3 миллион ашык даана шифер даярдап чыгарат. Ишканада 150 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыя алынган. Өндүрүлгөн продукция Баткен жана Ош облустарынын ички рыногунда сатылат. Келечекте Өзбекстан жана Тажикстанга экспортко чыгуу планы бар. 

Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо максатында жаңы токтомдор кабыл алынып жатканын, жер-жерлерде өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнү колдоо жана көмөк көрсөтүү аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.