Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарында бажы кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жыл соңуна чейин белгиленген көрсөткүчтү камсыз кылууну тапшырды.
Бажы кызматына быйыл бюджетти толтурууну эки эсеге көп аткаруу милдеттендирилди. Жакынкы мезгилде Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл аймагы менен Баткен облусунун Кызыл- Кыя шаарында ири соода- логистикалык борборлорду ачуу мерчемделүүдө. Алай районунун акимине Кытай менен чектешкен аймактагы Эркештам көзөмөл өткөрмө бекетине жакынкы аймактан каралып жаткан жерди трансформациялоо ишин тездетүүнү тапшырды.
Ошондой эле Акылбек Жапаров, апрель айынан тарта бир катар мамлекеттик кызматкерлердин эмгек маяналары жогорулай турганын айтты. Быйыл мамлекеттик бюджеттен ирригация, дыйканчылыкка ири каражаттар бөлүнгөнү да белгиленди.