Жаңылыктар
Балыкчыда аскер бөлүгүнүн жаңы штабы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда аскер бөлүгүнүн жаңы штабы курулат

Балыкчы шаарындагы 02626-аскер бөлүгүнүн шаарчасынын аймагында жаңы штаб куруу үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, салтанатка Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков, согуштун, Куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Мамбеталиев, эл аралык илим жана бизнес университетинин ректору Чолпон Алкадырова, ошондой эле аскер бөлүктүн командири жана өздүк курамы катышты. 

"Бүгүн масштабдуу долбоор башталып жатат, ал өзүнө кызматтык бөлмөлөрдү, генерал-майор Иван Панфилов атындагы музейди жана “Даңк аллеясын” камтыган чоң долбоор, аны бүткөрүү ушул жылдын аягына чейин пландаштырылууда. Келечектеги муунга, урпактарыбызга жакшы тилектерибизди калтырып жатып, Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөнүн мыкты салттарын улантып, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кызматтык милдеттерди чынчылдык менен аткарышына тилектешпиз”, - деп билдирди Коргоо мекемесинин башчысы өз сөзүндө.