Жаңылыктар
Өлкөдө "Китеп кербени" акциясы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө "Китеп кербени" акциясы башталды

Өлкөдө "Китеп кербени" башталды. Саамалыкты Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор уюштуруп, иш-чаранын ачылышы Чүй жана Ош облустарында өттү. 

Акция Кыргызстандын бардык аймактарындагы билим берүү мекемелеринде болот. Ал жаштарды китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана аймактардагы китеп тартыштыгын жоюуга багытталат.

Жаш муунду китеп окууга үндөгөн “Китеп кербени” акциясы биринчилерден болуп Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейинде башталды. Саамалыктын алкаганда Республикалык илимий-методикалык борбор окуучуларга китеп куржунун тапшырды.