Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, муфтий Замир кары Ракиев менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу баарлашуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мамлекет жетекчилиги муфтият менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана өлкөдөгү салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө Мусулмандар Дин Башкармалыгынын орду чоң экендигин билдирди. Азирети муфтий муфтияттын ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү диний абал боюнча маалымат берди.
Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттер көрүлгөндүгүн маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана диний окуу жайлардын абалы талкууланды.