Жаңылыктар
COVID-19: Акыркы суткада 8463 адам вакцина алды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Акыркы суткада 8463 адам вакцина алды

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди. Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 2 миң 168 адам алган. 

Алсак, Бишкекте 212, Ош шаарында 156, Чүй облусунда 118, Ош облусунда 372, Таласта 114, Нарын облусунда 123, Ысык-Көл дубанында 260, Жалал-Абад облусунда 597, Баткенде 216 адам эмделди. Маалыматта айтылгандай, вакцинанын биринчи дозасын 5 миң 685 адам, экинчисин 610 адам, бустердик дозаны 2 миң 168 адам алды. 

Жалпысынан өлкөдө 1 млн 361 миң 778 адам биринчи дозасы менен, 1 млн 109 миң 800 адам экинчиси менен эмделди. Ал эми үчүнчү дозаны алгандардын саны 80 миң 601 адамга жетти.