Жаңылыктар
УКМК: Бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган адам кармалды

Социалдык тармактарда бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Интернетте чагымчыл материалдарды таратты деген кишиге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКнын абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. 

Атайын кызмат жарандарды социалдык тармактарда тараган жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчылыкка жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.