Кайгуул кызматкерлери Бишкектин аймагынан бир жумада 6 миң 334 жол кырсыгын аныктады.
Мекемеден билдиргендей, мас абалында автоунаа башкаргандар - 96, терезелерин караңгылатып айдагандар - 11, айдоочулук кубөлүгү жоктор - 62, техникалык каражаттарды каттоо талаптарын бузгандар - 156, автоунааны техникалык бузуулары менен башкаргандар - 9, жөө жүргөндөр менен велосипедчендерден жол эрежелерин бузгандар - 215. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 516 автоунаа айып короосуна киргизилди.