Кайра шайлоо өтүүчү Бишкектин эки округунда шайлоочулардын тизмеси түзүлдү. Контролдук тизме Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, тизме.гов.кж мамлекеттик порталына жана 120 шайлоо участокторуна жайгаштырылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №27 Биринчи май округунда 110 888 шайлоочу бар, анын 46 753 эркек, 64 135и аял кишилер. Ал эми №29 Свердлов шайлоо окуругунда 104 711 шайлоочу болсо, анын 44 273си эркек, 60 438и аялдар. Жалпысы эки шайлоо округунда 215 599 шайлоочу добуш берүүгө укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы 11-февралдан 16-февралга чейин шайлоочуларды тизмесин тактап алууга чакырат.