Жаңылыктар
Тамактануучу жайлар үчүн салыкты жеңилдетүү керектигин айрым ишкерлер билдирүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тамактануучу жайлар үчүн салыкты жеңилдетүү керектигин айрым ишкерлер билдирүүдө

Коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыкты жеңилдетүү керектигин айрым ишкерлер билдирүүдө. Жаңы салык кодексине ылайык ишкерликтин бул түрү менен алектенгендер 8 пайыздык бирдиктүү салык төлөйт. 

Эл аралык ишкер кеңеши накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзгөн коомдук тамактануучу жайларга 2 пайыздык, накталай төлөм кабыл алгандарына 4 пайыздык салыкты бекитүү зарыл деп эсептейт. Ал эми салык кызматы жаңы кодекс даярдалып жаткан учурда мындай сунуш болбогонун, бирок алардын сунушун талдап, салмактап көргөндөн кийин, атайын мыйзам аркылуу жеңилдик берүүгө мүмкүн экендигин билдирди.