Жаңылыктар
Баткен: Тунук-Суу айылында алгачкы ирет ири долбоор ишке ашканы турат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Тунук-Суу айылында алгачкы ирет ири долбоор ишке ашканы турат

Баткенге берилген өзгөчө макамдын алкагында инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлүп, ири ишканалардын курулушу жандануу алдында турат. Буга мисал Баткен районунун шарты катаал тоолуу аймагына цемент заводунун курулушу башталып, 2 жыл аралыгында толугу менен ишке берилүүсү күтүлүүдө. Анын натыйжасында миңге жакын жаңы жумуш оруну түзүлүп, тоо арасындагы айылдардын жол, көпүрө сыяктуу инфратүзүмү да жакшырат.

Баткен районунун тоолуу аймактарынын катарындагы Тунук-Суу айылында алгачкы ирет ири долбоор ишке ашканы турат. Жаңы гана курулуп жаткан цемент заводу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 10 гектардан ашуун жер аянты бөлүнүп, тиешелүү иш кагаздары жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалып берилди. 

Эки жыл аралыгында цемент завод толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилсе элеттик 1000 киши жумуш оруну менен камсыз болот. Ал арада Баткен районунун Дара аймагындагы ички жолдор, көпүрөлөр оңдолуп, бир канча айылдын инфратүзүмүнүн жакшырышына да себеп болот.