Кыргызстан менен Германия ортосундагы дипломатиялык байланыштын түзүлгөнүнө 30 жыл толду. 1992-жылдын дал ушул күнүндө "Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө" документке кол коюлган. Бул күндү утурлай бүгүн Дипломатиялык академияда тегерек үстөл өтүп, кызматташуунун келечеги талкууланды.
Казы Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академияда өткөн тегерек үстөлгө элчи-дипломаттар, тышкы иштер министрлигинин, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, мамлекеттик ишмерлер, саясат талдоочулар катышты.
Кыргызстан Германияны Европадагы эң маанилүү ɵнɵктɵштɵрдүн бири катары эсептейт. Кызматташуу орногон отуз жыл аралыгында эки тараптуу мамилелер достук жана шериктештик деңгээлине чыккан.
Экономикалык байланыштар тууралуу айтсак, Германия Европадагы жана дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы бешилтигине кирет. Мындан улам Кыргызстан бул мамлекет менен айыл чарба, энергетика, туризм багытында кызматташууга кызыкдар.