Жаңылыктар
"Мамлекеттик кызматтын кадрлар резервин түзүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
"Мамлекеттик кызматтын кадрлар резервин түзүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык аталган органдарда башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резерви түзүлмөкчү.

Президенттин буга чейинки жарлыктарына ылайык адистердин региондук жана муниципалдык резерв базасы түзүлгөн. Региондук резервден аким жана анын орун басарлары тандала турган болгон. Ал эми шаар мэри, анын орун басары же айыл өкмөт болом дегендер үчүн муниципалдык резерв түзүлгөн. Жөнөкөйлөштүрүп айта турган болсок, жогоруда аталган кызматтарга бош орундар болуп кала турган болсо талапкер дал ушул эки резервден иргелип алынат.

Ал эми кечээ президент кол койгон жарлыкка ылайык жалаң эле жетекчи же орун басарлар эмес андан төмөнкү кызматтагылардын да кадрдык резерви түзүлө турган болууда. Маселен акимчиликтеги, шаар бийликтериндеги же айыл өкмөттөрдөгү административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматка иштегиси келгендердин резерви түзүлөт. Жалпак тил менен айтсак, жалаң эле жетекчи, чоңдор эмес башкы, улук жана кенже кызматкерлер да резервден алынмакчы.