Жаңылыктар
Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу үч өлкөгө тең мааниси чоң
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу үч өлкөгө тең мааниси чоң

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулуп ишке кирсе, биздин өлкө аркылуу жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылышы мүмкүн. Адистердин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан транзит үчүн бир жылда 200 млн доллардан ашык каражат табышы керек. Темир жолдун курулушу боюнча маселе акыркы айларда көп талкууланууда жана маселе президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында, эки тараптуу жолугушууда көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси буга чейин бир нече жолу ар кандай аянтчаларда талкууланып келди. Демилге кечээ жакында эле Борбор Азия бешилтигине кирген президенттер жана Кытайдын лидери катышкан онлайн жыйында көтөрүлдү. Ага чейин былтыр күз айында президент Садыр Жапаров, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде өнөктөш мамлекеттерди аталган долбоорду аягына чыгарууга чакырган. 

Темир жол курулушунун үч өлкөгө тең мааниси чоң. Маселен, Кыргызстанды алсак, өлкө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, темир жол каттамы аркылуу төвар ташууга ыңгайлуу шарт түзулмөк. Ошондой эле, Кытай, Өзбекстан темир жолду транзит катары колдонуп, Европа баштаган континенттер менен байланыш түзүүгө умтулууда. Андыктан, аймактар аралык ири долбоорду ишке ашырууга убакыт келгенин адистер белгилешет.