Президент Садыр Жапаров бүгүн, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.