Өткөн жылы республикада кум шекерге жана өсүмдүк майына болгон баа эки жолу мамлекет тарабынан жөнгө салынган.
Алсак, күн карама майына жана кум шекерге болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыгы боюнча 372 иш-чара өтүп, эки миңге чукул объектилерде түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул иштердин жыйынтыгы боюнча жарандар кант сатып алууга 81 млн сом, өсүмдүк майын сатып алууга 600 млн сом үнөмдөшкөнү айтылды.
“Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомду аткаруу үчүн 11-октябрда монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген баалардын сакталышын контролдоо жана көмүр рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөө максатында мониторинг жана рейддер жүргүзүлгөн”,- деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков.