Жаңылыктар
УКМК: Өлкөдө санариптештирүү иштеринде ири коррупциялык факты аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Өлкөдө санариптештирүү иштеринде ири коррупциялык факты аныкталды

Өлкөдө санариптештирүү иштеринде ири коррупциялык факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады. Маалыматка ылайык, 2020-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 млн 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. 

Бирок ишкананын кызматкерлери кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан. Иликтөөлөрдүн натыйжасында маалыматтык системалардын көпчүлүгү ишке кирбегени аныкталып, мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени далилденди. Тергөөнүн натыйжасында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанды санариптештирүү максатында 2019-жылы санариптик трансформация боюнча “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасы ишке киргизилген.