Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.