Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Чүй облусундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын текшерди.
Чүй каналынын экинчи баскычын куруу долбоору, Шамшы дарыясына суу сактагычты куруу долбоору менен таанышты. Климаттын өзгөрүшүнө, тоо булактарындагы суунун азайышына байланыштуу ирригацияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты болуп сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жаңы сугат жерлерди ишке киргизүү, суу топтоочу жайларды куруу саналат.
Кургакчылыкка байланыштуу сугат суулардын жетишсиздигинен улам бир катар чараларды көрүү, анын ичинде жогоруда аталган долбоорлорду куруу пландаштырылууда.Учурда тармактык түзүмдөр тийиштүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгып жатат.
Азиз Аалиев билдиргендей, 2021-жылдын ноябрь айынан тарта Министрлер Кабинети ирригациялык иштерди жүргүзүүгө каржылоону көбөйттү. Сугат иштерине кошумча 1 млрд сом бөлүнгөн.
Учурда өлкөнүн ар бир аймагында каналдарды тазалоо, ирригациялык курулуштарды жана атайын техникаларды жазгы-талаа иштерине даярдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле ал Чоң Чүй каналынын чыгыш жана батыш каналдарын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.Азиз Аалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликтерге бир катар тапшырмаларды берди.