Жаңылыктар
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Нургүл Бакирова Жогорку Соттун Төрайымы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Замирбек Базарбеков 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды.