Жыл башынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн колдонгон электр энергиясынын тарифи арзандады. Тагыраагы, көп баласы бар жана "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пул алган 106 миңден ашуун жаран, электр жарыгына 700 кВт саат үчүн киловатына 50 тыйындан төлөп баштады. Мындай чечим мамлекет башчынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдөрүн жеңилдеткен жарлыгына ылайык кабыл алынган.
Калыс Ордо конушунун тургуну Зулпуя Жекшеева төрт баланын энеси. Балдардын кичүүсү кичирээк болгондуктан, азырынча иштебейт. Жалгыз бой эненин балдарга деген жөлөк пулдан башка киреше алып келе турчу каражаты жок. Ошондуктан ал электр жарыгын үнөмдөп пайдаланчу. Мурда айына электр жарыгы үчүн 400-500 сом төлөсө, эми тариф арзандагандан кийин бул айда 200 сомдой чыгып келген.