Баткен облусунун статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дубандын социалдык-экономикалык дараметин күчтөндүрүп, калктын муктаждыктарын чечип, айрым жеңилдиктерди берүү максатында бир катар артыкчылыктар каралган. Анын алкагында чек ара аймагында жайгашкан 62 айыл артыкчылыктуу чек ара конуштарынын тизмесине кирген. Бирок чек арада орун алганы менен бул тизмеге кирбей калган айылдар да аныкталууда.
8000ден ашуун калкы бар Кызыл-Бел айылы Тажикстандын Исфара району менен чектеш турат. Өткөн жылдын апрель айындагы, тажик тараптын куралдуу кол салуусунда бул айыл да кыйла жабыркап, элеттиктердин турак жайларына ок атылган. Бирок бул жагдайларга карабастан Кызыл-Бел чек арадагы артыкчылыктуу айылдардын тизмесине кирбей калган. Мындан улам жергиликтүү тургундар өлкө башчысына жана министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, Кызыл-Бел айылын дагы чек ара статусу бар айылдардын катарына кошууну суранышууда.