Кыргызстандын демилгелери дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоо таап, быйыл "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" белгиленүүдө. Муну Президент Садыр Жапаров БУУнун 76-сессиясындагы кайрылуусунда сунуштаган. Мындан сырткары, ЮНЕСКОго мүчө-мамлекеттер Кыргызстан демилгелеген "Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жасоо жана изилдөө иштерин кеңейтүү" резолюциясын бир добуштан колдоп берген. Аталган резолюция келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоону көздөйт.
Таза суунун башаты болгон мөңгүлөрдү сактап калуу учурдун талабы. Жаратылышка болгон бүгүнкү мамиле климаттын өзгөрүшүнө себеп болууда. Аталган маселе өлкө башчыларынын талкуусуна алынып, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында дүйнө коомчулугуна тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны демилгелеген.