Президент Садыр Жапаров иш-сапары менен Кытайга барат. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен өтө турган визит эртеңден баштап, 6-февралга чейин созулат. Өлкө башчы алгач Пекиндеги кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылышына катышып, андан кийин кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашмакчы.
Кыргызстан менен Кытай тыгыз алака байланышы бар коңшу мамлекеттер. Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдү мурдатан эле байыркы Жибек Жолу бириктирип келген. Айданек Оморова эки элдин тарыхына, маданияты кызыгып, кытай тилин үйрөнө баштаган. Быйыл Бишкектеги университеттердин биринде кыргыз-кытай факультетин аяктоо алдында турат.