“Бишкек - Жидда” багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды аткаруу пландаштырылууда. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-февралында "Эйр Манас" ата мекендик авиакомпаниясы “Бишкек - Жидда” багыты боюнча биринчи чартердик каттамды аткарат.
Каттам жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү ишке ашат. Андан ары каттамдардын санын жумасына төрткө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин "Эйр Манас" авиакомпаниясы “Ош-Жидда” багыты боюнча да аба каттамдарын ачууну пландоодо. Билдирүүдө айтылгандай, кошумча маалымат алуу үчүн “Эйр Манас” авиакомпаниясынын кеңселерине кайрылуу зарыл.