Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу бир катар каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдирди.
Ал эми сурап-билүү кызматы үч мамлекеттен келе жаткан учактар "Манас" аэропортуна кечирээк конгонун маалымдады. "БАЭ келчү учак саат 3.20да, Москва шаарынан 4.50дө, Стамбул шаарынан 9.50дө конмок. Туманга байланыштуу аларды кондуруу мүмкүнчүлүгү жок болгон. Бардыгы саат тогуздан жана ондон өтүп конушту", — деди аэропорттон.