Жаңылыктар
Бишкекте 17 жаштагы айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы окуучуну сүзүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 17 жаштагы айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы окуучуну сүзүп кетти

Бишкектин Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен "Volkswagen Passat" унаасын башкарып бара жаткан 17 жаштагы айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы окуучуну сүзүп кетти. 

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынан жабыркаган окуучуну ооруканага алып барышкан. 

Ал эми айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып аянтчасына токтотулду. 

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.