Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча, Президент Садыр Жапаров 3-6-февраль күндөрү иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө быйыл белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы алаканын келечеги талкууланат.
“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин унаа өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, - деп маалымдады Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.