Жаңылыктар
Опузалап акча өндүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Опузалап акча өндүргөн жаран кармалды

Ишкерден опузалап акча талап кылууга шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран аныкталды. 

ИИМден кабарлашкандай, буга чейин ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап акча талап кылып жаткандарга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган. 

Аныкталгандай, чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, аны коркутуу жолу менен опузалап келген. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым опузалап чалып, ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн. Алар өндүрүп жүргөн акчанын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт. Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонгон. Бир жыл өткөн соң гана опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон. 

Аталган фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун мурда бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургуну болуп чыккан. 

Учурда Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакирти дагы кармалган. 36 жаштагы жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. 

Иликтөө иштери уланууда.