Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилди

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жылуулугу, санитардык абалы, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган атайын комиссия текшерүүгө алды. 

Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди. Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат. 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.