Жаңылыктар
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынды

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар тармагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

- Бишкек - Москва - Бишкек жана Москва - Бишкек - Москва туруктуу авиакаттамдарынын саны жумасына 3төн 7 рейске чейин көбөйтүлдү;

- «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0–141,640 км.) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды;

-  Будапешт – Бишкек – Будапешт багытында жаңы аба каттамы ачылды;

- «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган, анын ичинен 10 жүк ташуучу вагон өлкөгө алынып келинди;

- «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджет алдындагы 500 млн сом өлчөмдөгү карызын жоюу маселеси чечилди;

- жарандардын аяр категориялары үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык карт-паспортторун акысыз берүү маселеси иштелип чыкты;

- транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен кайра каттоо маселеси иштелип чыкты.