2022-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 10 млрд 326,2 млн сом салык жыйнады. Бекитилген план 106,4 пайызга аткарылды же 620,1 млн сомго ашык чогултулду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770,2 млн сомго көп жыйналды же өсүү темпи 157,5 пайызды түздү.