Жаңылыктар
Жүрөк кан-тамыр ооруларын дарылоодо адистер жаңы ыкмага өтүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Жүрөк кан-тамыр ооруларын дарылоодо адистер жаңы ыкмага өтүштү

Өлүмдүн саны боюнча биринчи орунда турган жүрөк кан-тамыр ооруларын дарылоодо адистер жаңы ыкмага өтүштү. 

Мурдагыдай жүрөктү ачык операциясыз буттагы аорта тамырлар аркылуу жүрөккө стенд менен операциянын бир нече түрүн ийгиликтүү өткөрдү. Анда бейтап көп кыйналбай, анын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Борбордо жасалган уникалдуу жүрөк операциясына кабарчыбыз да катышкан.

Жээнбек Жамалов он жылдан бери жүрөк оорусунан жабыркап көптөгөн чет мамлекеттерге барып, тажрыйбалуу дарыгерлердин колунан дарыланган. Бирок натыйжалуу жыйынтык чыкпай анын оорусу жыл сайын күчөп, аягында кан басымы жогорулап, жан сыздаткан оорудан улам, акыркы ыкмадагы заманбап операцияга макул болду.