Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай сатып алуу үчүн насыя алгандардын каражатты кайтаруу шарттарын жеңилдетип келатат.
Маселен жылдык 8 пайыз үстөк менен алгандардыкы 6 пайызга түшүрүлдү. Бара-бара 4 пайыздык гана үстөк эсептелинери кабарланган. Мындай жеңилдетилген шартты Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу эмес, башка каржы мекемелеринен алгандарга да каралса деген сунуш айтышып биздин каналган кайрылышты.
Рыcбек Талипов менен Шайыргүл Рахманованын үй-бүлөсүнө бул турак жай 2019-жылдан бери таандык. Батирди сатып алуу үчүн “Керемет банктын” социалдык программасы аркылуу каражат алынган. Аталган банк мамлекетке таандык экенин айтып, каражатты кайтаруунун үстөк пайызын ылдыйлатуу зарыл деп эсептешет.