Жаңылыктар
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки тоннелдин бири аркылуу жол ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы эки тоннелдин бири аркылуу жол ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруудагы негизги жумуштардын бири болгон, узундугу 3 миң 800 метрди түзгөн эки тоннелдин бири тешилип бүттү. Ал негизги тоннелге кошумча салынууда жана кийин авариялык кырдаалдарда колдонулмакчы. Ал эми негизги тоннелдин 900 метрден ашыгыраагы калды. Жыл аягына чейин ал дагы бүтүп, кийинки жылы колдонууга берилмекчи.

Деңиз деңгээлинен эки жарым миң метр бийиктикте жайгашкан Көк-Арт ашуусу менен өтүүчү эки тоннелдин бири аркылуу берки беттен аркы бетке жол ачылды. Эки тарабынан тең иштеп жаткан жолчулардын ортодон жолугушкан видеосу кечээ күнү социалдык түйүндөргө тарады.

Жол куруу жумуштары менен узаган жылдын аягында өлкө башчысы жеринен таанышкан болчу. Президент курулуш сапаттуу жана өз убагында бүтүшү керек деген тапшырманы койгон. 433 чакырымга созулган жолду салуу негизинен үч бөлүккө бөлүнүп аткарылып жатат.

Байланыштардын көбү автожолдор аркылуу ишке ашкан Кыргызстан үчүн бул жолдун мааниси чоң. Долбоор 2014-жылы башталган. Ортодо саясий маселелерден улам курулуш дээрлик токтоп калган болсо, былтыркы жылдын башынан тарта кайрадан жанданып, курулушту тездетүү тапшырмасы коюлган.