Жаңылыктар
Баткен районунда мектептер ишин жандантты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунда мектептер ишин жандантты

Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. 

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.