Жаңылыктар
УКМК: Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган чет элдик жаран өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Кармалган чет элдик жаран Кылмыш-жаза кодексинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.