Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метр.
Ошондой эле, тоннелге жарыш авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берген бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн өтмөк казылып жатат. Тоннелди куруу иштерин бүтүрүү ушул жылдын аягына пландаштырылган. Белгилей кетсек, аталган долбоор Кытайдын "Эксимбанкы" тарабынан бөлүнгөн каражатка жана Кыргызстандын бардык аймактарында көптөгөн жол куруу долбоорлоруна катышкан "Чайна Роуд" компаниясынын жардамы менен ишке ашырылууда. Курулуштун көзөмөл консультанты "Кыргыз жол транспорт долбоору" институту.