Жаңылыктар
Нарын: жол кырсыгынан 2 жаран жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: жол кырсыгынан 2 жаран жабыркады

Бүгүн таңкы саат 05:30 чамасында Кочкор районунун, Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин 3 куткаруучусу ыкчам түрдө тартылып, куткаруучулар жеткен учурда, унаадан жабыркаган 2 эркек кишини чыгарышкан, куткаруучулар жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал эми экинчи жарандын абалы туруктуу.