Кыргызстанда унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү өзгөчө, экологиялык жактан таза завод ачылат. Технологиялык кластер “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингдин демилгеси менен ишке киргизилүүдө. Долбоордун өнөктөшү Германиянын өнөр жай гиганты - “Rösler” компаниясы.
Ишкана унаанын эскирген дөңгөлөктөрүн кайра иштетип гана тим болбостон, оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү иштерин дагы колго алат. Өткөн жылдын акырында Кыргызстанда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги ишин баштаган. Дал ушул холдингдин демилгеси менен Кыргызстанда уникалдуу, эң башкысы заман талабына жооп берген завод курулганы турат. Бул келечектүү долбоордо улуттук холдингдин башкы өнөктөшү германиялык белгилүү “Rösler” заводу болмокчу.
Өз ишмердүүлүгүн мындан 60 жыл илгери баштаган “Rösler” компаниясы ар кандай унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү менен алектенет. Бул багытта дүйнөлүк лидерликти эч кимге бербеген “Rösler” заводунун жетекчилиги Кыргызстанга келди.