Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулунду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулунду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда жана ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай - Ворух, Бакай, Ак-Сай - Развилка багыттарында улантылууда.
Баткен ОИИБи тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылууда. Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу. Баткен ОИИБнин башчысы Мурат Боронов облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш-чараларын жүргүзүүдө.