31-январда, Кыргызстандын аймагында күндүз күн ачык болот, - деди Кыргызгидромет борбору. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 1…+6 градус, Талас облусунда 5 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көл облусунда күндүз 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу, Нарын облусунда болсо 10 градуска чейин нөлдөн төмөн болушу күтүлөт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 4…9 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 4…6 градус нөлдөн жогору болот.