Өткөн суткада өлкөдө 276 адамдан коронавирус аныкталып, 456 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган. Жуктургандар Бишкек шаарында – 164, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13 адам.Ушуну менен өлкөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны 198 миң 111ге жетти. Анын ичинен 187 мин адам дартты жеңген.Республика боюнча 1 миң 474 бейтап стационарда, ал эми 5 миң 242 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 581 бейтап оор абалда болсо, 95 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.Тилекке каршы, оору төрт адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Чүйдө каза болду.