Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам, саат 20:04тө Ак-Татыр а/а Орто-Боз айылынын тургундарын Баткен районунун Рават айылына көчүрүү иштери башталды. Ошондой эле, Жака-Орук, Ак-Татыр а/а Үч-Дөбө, Самаркандек а/а, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына кочүрүлүүдө.
Баткен шаарынын Ленин атындагы, Ж.Бөкөнбаев атындагы жана No3 мектептеринин имараттары 300 жарандарды кабыл алууга даяр.
Лейлек району. Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары Лейлек районунундагы туугандарына жеке унаалар менен эвакуацияланууда.
КР ӨКМнин Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрү «СБОР» сигналы боюнча көтөрүлүп, калкка түшүндүрүү жана эвакуациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 Камаз, 1 Спринтер, Ак-Сай айылынын тургундарын эвакуациялоого 12 куткаруучу жөнөтүлдү. Баткен районунун автотранспорт кызматынан дагы Ак-Сай айылынын элин эвакуациялоо үчүн 5 спринтер жөнөтүлдү. Ошондой эле Достук айылына 4 Спринтер.
Облустун жарандык коргонуу кызматтары “ӨК” режимге өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР