Суунун көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунда турат. Бирок бул мүмкүнчүлүктүн 10 пайызы эле колдонулуп келет. Мындан улам мамлекеттин көз карандысыздыгын жана коопсуздугун жакшыртууга түрткү бере турган энергетикалык долбоорлор стратегиялык мааниге ээ. Буга ылайык энергетика тармагына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Ошондуктан өлкөдө кичи гэстерди куруу жанданды алардын катарында Баткен районундагы Кыштут айылына 5 каскаддан турган чакан ГЭС курулууда. Учурда курулушу жүрүп жаз айларына бүткөрүү пландалган.