Жаңылыктар
ИИМ: Ош-Бишкек жолунан ири өлчөмдөгү баңгизаттын ташыган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ош-Бишкек жолунан ири өлчөмдөгү баңгизаттын ташыган жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери  Бишкек шаарына өлкөнүн түштүк аймагынан кара куурай тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатып өткөрүү каналына бөгөт коюу боюнча операцияны жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында  атайын операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө БМЖКККнын жана Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери  2022-жылдын 27-январь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында  Токтогул шаарындагы Ош-Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан. 

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы баштыктан афган чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Ошондой эле, кара барсетка табылып, анын ичинде “гашиш” жыттанган кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон. Алынган заттын жалпы салмагы  2 кг 788 граммды түздү. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.