Жаңылыктар
Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү оңдолду
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү оңдолду

Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү “COVID-19 инфекциясына чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 

Атап айтканда, трансфузиология, жаак-бет хирургиясы, урология, кан-тамыр хирургиясы, проктология, терапевттик корпус, ошондой эле коомдук тамактануу бөлүмдөрүндө оңдоо иштери аяктады. Имараттын терезе-эшиктери, таза суу жана агынды суу түтүктөрү, жылыткычтар жана электр тармактары толугу менен алмаштырылды. Мындан тышкары бөлүмдөрдө жаңы жуунучу бөлмөлөр орнотулду. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоорунун аркасында биз оорукананын бөлүмдөрүнүн иштөө шарттарын, ошондой эле бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алдык. Айрыкча 50 жылдан ашык убакыттан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн трансфузиология бөлүмүндө оорукананын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу иштөө шарттары түзүлдү»,- деди  Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.