Кыргыз өкмөтү Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар сурады. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Донорлор менен онлайн-сүйлөшүүгө министр Данияр Амангельдиев, Финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев, Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен, Кадамжай, Исфана шаарларынын мэрлери катышты. Сүйлөшүүлөр эки күнгө созулат. Анын жыйынтыгында "Региондук экономикалык өнүгүү — 2" долбоорун ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлүү тууралуу протоколго кол коюлат. Аталган долбоор Баткен облусундагы чакан жана орто ишкерликти илгерилетүүгө, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртууга, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүү жолу менен региондук экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
Бул каражаттын жардамы менен инфраструктураны жакшыртуу жана Баткен, Исфана, Кадамжай шаарларында жергиликтүү бизнести колдоо жана калктын жашоо шартын жеңилдетүү, ишкерлик менен алектенүүнүн потенциалын жакшыртуу, бизнес-идеялар үчүн кошумча финансылык колдоо көрсөтүү, фермерлердин жана айылдык өндүрүштүн санын көбөйтүү, чакан гранттык программа аркылуу жумуш орундарынын санын арттыруу натыйжаларына жетишүү пландалууда. Мында каражаттын канчасы насыя жана грант катары берилери жазылган эмес. Белгилей кетсек, ушул эле долбоордун биринчи этабында Ош облусунун экономикасы үчүн Дүйнөлүк банк 2020-жылы 60 миллион доллар бөлгөн. Анын жарымы насыя, жарымы грант болчу.