Жаңылыктар
Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата митинг реквием өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата митинг реквием өттү

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата митинг реквием өткөрүлдү. 

Ага Мамлекеттик катчы, коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышты. Иш-чарада Ленинградды бошотууда жана Улуу Ата Мекендик согушта баатырдык менен курман болгондор бир мүнөт эскерилип, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкө башчысынын куттуктоосун жеткирди. Ал өз сөзүндө Ленинградды коргоочулар каармандыктын, баатырдыктын жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү экенин айтып, апаат учурунда жасаган эрдиги үчүн блокадачыларга таазим этип, ыраазычылык билдирди. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3 жарым миң бала болгон. Блокада 1944-жылдын 27-январында cоветтик жоокерлер тарабынан талкаланган.

“Жалпы адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу гана эмес, адамдардын чыдамы менен эрдигине баа бере турган окуя. Мамлекет башчынын чечими менен мындан ары Россия элчилиги менен ушул даталуу күнү Ленинград блокадачылар эскерлип, жасаган эмгектери бааланып турат”, - деди Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.