Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маэданын жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашуу болду.
Министр Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын Президент Садыр Жапаровго даректелген кайрылуусун кабыл алып, өз кезегинде Мамлекет башчысынын Япониянын Премьер-министри Фумио Кисидага даректелген куттуктоо катын тапшырды. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Руслан Казакбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу Япония өкмөтүнүн колдоосун өзгөчө белгиледи.
Өз кезегинде Япониянын Элчиси Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы сөз эркиндиги, демократия жана адам укуктары сыяктуу негизги фундаменталдык баалуулуктарды бекемдөөдөгү аракеттерин белгиледи. Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку жана бийик деңгээлдеги иш сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.